Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 27-6/8
«№2 бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана витраж куруу» боюнча дем берүүчү гранттын долбоорун кошумча каржылоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г.С.Толумбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардыкб финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаарынын бюджетинде пландаштырылган, сметалык баасы 2818,7 (эки миллион сегиз жүз он сегиз миң жети жүз) сомду түзгөн “№2 бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана витраж куруу” дем берүүчү гранттын долбоорун кошумча каржылоо үчүн, 704 700 (жети жүз төрт миң жети жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (М.С.Раматов), билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Исламова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |