К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы №24/2
Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2020-жылдага карата түзүлгөн жайыт башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-жана 8- беренелеринин негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ)2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Алай жайыт комитетинин терагасы С. Жупуевге жана Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кайыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарьшын көзөмөлдөө жагы Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Ч.Канкиева
|