Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 25/2
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын таштанды таштоочу жай курууга жер болуп берүү жөнүндө
К.Белекбаеы атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровдун билдирүүсүн угуп талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн атуулдарынын таштанды таштоочу жай даярдоо үчүн Көнөк-Салды чатынан 200 м кв жер тилкеси бөлүнүн берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жана Сопу-Коргон тазалык ишканасынын жетекчиси Т.Кадыровго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым | Ч. Канкиева |