Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 26/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын Калкты жана Жарандык Абалдын Актыларын Каттоо департаментинин 15.08.2016-жылдагы № 25-1/2572 катын негиздеп, аталган мамлекеттик департаменттин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин макулдашылып түзүлгөн келишимдин долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү " Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри М.Д.Абулгазиевтин жетекчилигинде өткөн кеңешмесиндеги протоколдук тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилике алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын Калкты жана Жарандык Абалдын Актыларын Каттоо департаментинин Алай райондук мамлекеттик ЖААК бөлүмү менен К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн түзгөн келишим бекитилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Ч. Канкиева
|