Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/9
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел,
Чекилдек айылдырында турак жай куруу үчүн бѳлүнгѳн жерлерине
кошумча ген план түзүү жөнүндө
"Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын 15-статьясына ылайык Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдардын ген планындагы жерлерине кошумча ѳзгѳртүү киргизип келечектеги жаш үй-бүлѳѳлѳргѳ айылды кеңейтүү үчүн турак жай курууга, жер участокторун берүү тууралуу сунуштарды угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кара-Тоо айылынын Жаңы конуш участкасынан 10га. Чекилдек айылынан МТФ участкасынан 1,0 га Арсы айылынан 2,30 га Семиз-Бел айылынын «Кыштак» участогунан 5,0 га Лесхоз участогунан 2 га запастагы участокторго кошумча ген план чийилип бекитилсин.
2. Айылдардын ген пландарын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен бирдикте айыл-айыл боюнча түздүрүү жана келечекте там салууга бѳлүнѳ турган жерлерди пландоо жагы жер турак жай адиси С. Сыдыгалиевге жана депутаттардын туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ген план түздүрүү үчүн архитектурага тѳлѳнүүчү акча каражатын кезектеги турак жай куру үчүн жер участогун алган атуулдарынын эсебинен тѳлѳнүп берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевке тапшырылсын.
Төрага |
М.Букамбаев
|