Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 30/1
Кара-Тоо айылындагы мончо «Санрабиго» коомдук
бирикмесинин менчигине чыгып кеткендигин
кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылында жайгашкан мончо муниципалдык менчик катары айыл ѳкмѳтүнүн балансына комиссия аркылуу ѳткѳрүлүп берилген. Бирок, бүгүнкү күндѳ Кара-Тоо айылында жайгашкан мончо Нарын обустук мамлекеттик мүлк фондусунун № 02/62-1 сандуу буйругунун, Нарын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 19-августундагы №АД-47/09-МН чечиминин негизинде «Санрабиго» коомдук бирикмесинин менчигине ѳтүп кеткендиги жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымованын сунушун угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылында жайгашкан мончо муниципалдык менчик катары айыл ѳкмѳтүнүн балансында тургандыктан, «Санрабиго» коомдук бирикмесинин менчигине мыйзамсыз чыгып кеткендиги белгиленсин.
2. Кара-Тоо айылында жайгашкан мончонун документтерин Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчикти башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамына ылайык, ирээтке келтирүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | М.Букамбаев |