Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 30/2
Кара-Тоо айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кара-Тоо айылынын тургундарынын арызына ылайык, Кара-Тооайылындагы «Ак назар» участкасындагы Кочкор асыл тукум кой ѳстүрүү заводуна тиешелүү жерлерди айылда жашабаган башка тургундар пайдаланып жүргѳндүгү жѳнүндѳ жана «Ак булуң» участкасындагы «Салем» дыйкан чарбасынын жерлерин тактап, жаш үй бүлѳѳлѳргѳ берүү жѳнүндѳгү кайрылуусун карап жана талкуулап Семиз-Бел айылдыкКеңеши,
1. Кочкор мамлекеттик асыл тукум кой ѳстүрүү заводуна тиешелүү 453 (тѳрт жүз элүү үч) гектар жердин кызыл китебин жокко чыгаруу боюнча Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына сунуш берилсин.
2. Кочкор мамлекеттик асыл тукум кой ѳстүрүү заводуна тиешелүү жерлер айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүлүп берилсин жана Кочкор асыл тукум кой ѳстүрүү заводун жоюу боюнча атайын мыйзам кабыл алуу жагы Жогорку Кеңештен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Тѳрага | М.Букамбаев |