СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2016-жылдын 12-июлу № 30/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы жеке менчике ɵтүп кеткен бала бакчаны сатып алуу жөнүндө
Семиз- Бел айыл ɵкмɵтүнүн Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала бакчаны кайрадан элге сатып алуу боюнча элдик жыйындын протоколун жана депутаттардын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала бакчаны айыл ɵкмɵтүнүн бюджетиндеги бош калган акча каражатынын эсебинен айыл ɵкмөтүнɵ бала бакча катары сатылып алынсын жана акча каражаты бɵлүнүп берилсин.
2. Бала бакчаны сатып алуу иштерин уюштуруп,иш алып баруу жана мыйзамдуулугун тактоо боюнча тɵмɵндɵгүдɵй курамда комиссия түзүлсүн.
Ж.Карагозиев-комиссиянын тɵрагасы,а/к депутаты
А.Касымова-тɵраганын орун басары,а/ɵ башкы эсепчиси
Мүчɵлɵрү:
А.Чаарчокуенв-а/кеңештин депутаты
А.Жумабаев-а/к депутаты
Б.Намазбек уулу-Семиз-Бел айыл башчысы
Ж.Алыбаев-а/к депутаты
Э.Токоева-а/ɵ башкы адиси
Ы.Токтогулов-аксакалдар сотунун тɵрагасы
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵгү» Мыйзамына ылайык бала бакчанын документтерин мыйзамдаштыруу жана акча каражатын бɵлүп берүү айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Тѳрага | М.Букамбаев |