Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 30/7
Кара-Тоо айылынын борбордук көчөсүнүн 500 м жерине жаӊы төшөлгөн асфальтка жол тоскоолдук (лежачий полицейский) коюу жөнүндөгү Кара-Тоо айылынын башчысынын милдетин аткаруучу Б.Көбөновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын борбордук Ленин көчөсүнүн жаӊы төшөлгөн асфальттын тиешелүү жерлерине жол тоскоолдуктар (лежачий полицейский) коюлсун.
2. Жол тоскоолдуктарды (лежачий полицейский) коюу жагы Нарын облустук Жол көзөмөлдөө кызматынан, Кочкор райондук № 955 жол ишканасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевке тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |