СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынынкезексиз XXX сессиясы
2016-жылдын 12-июлу № 30/ 9
Казы Иманалиевди «Ардактуу атуул» наамына сунуштоо жөнүндө
Иманалиев Казы Султанкуловичти 1946-жылы Мантыш айылында туулган, элге эмгеги сиңген азыркы учурда ардактуу пенсионер, союз убагында башкы эсепчи болуп иштеп, райондук Кеңештин депутаты, айылдык Кеңештин кѳп жолку депутаты болуп шайланган, кѳп жылдар бою эсеп палатасында эмгектенип, «мамлекеттик аудит отличниги» ж.б. кѳптѳгѳн сыйлыктар менен сыйлангандыгы жɵнүндɵ Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү докуменеттерин карап талкуулап «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Ресупубликасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын тургуну Иманалиев Казы Султанкуловичти Семиз-Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.М.Букамбаев |