Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/1
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыктарынын бүткɵрүлүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы мектептерде кышка карата даярдыктарынын бүткɵрүлүшү жɵнүндɵ Семиз-Бел, Арсы Кочкор, Чекилдек орто мектептеринин директорлорунун маалыматтарын угуп жана талкуулдап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел, Арсы Кочкор, Чекилдек орто мектептери жана «Куруучу» бала бакчасында 2016-2017-жылдарга карата кышка даярдыктардын бүткɵрүлүшү боюнча баардык мектептерде жана бала бакчада кышка даяр экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы мектептерде жана бала бакчада кɵмүрдүн туура түшүүсү кɵзɵмɵлдɵɵ, электр энергиясын үнɵмдɵп сарптоого карата иштерди жүргүзүү, электр энергиясынын лимитин сактоо, печка кантромаркаларды от жагууга даярдоо жана терезелерди жылуулап уюштуруу иштерин жүргүзүү мектеп директорлоруна жана бала бакча башчысына милдеттендирилсин.
3. Арсы орто мектебинин ашканасына каражат кароо 2017-жылдын бюджетине сунушталсын жана мектептердин ашпозчулук, ашкана кызматкерине 0,5 штатты толук штат кылып кароосуна тийешелүү министрликтерге кайрылуу жөнөтүлсүн.
4. Социалдык обьектилерге кɵмүр түшүүнү ɵз убагында камсыз кылуу жана электр энергиясынын лимитин тактап, лимиттен ашпай пайдаланышын кɵзɵмɵлдөө жагы айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тɵрага | М.Букамбаев |