Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/2
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы клуб, китепкана башчыларынын аткарган иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы клуб, китепкана башчыларынын аткарган иштери жөнүндө китепкана, клуб башчыларынын жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тɵрагасы Т.Исаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулдап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы клуб, китепкана башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери «Канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Клуб, китепкана башчыларынын иштеринин уюштурулушунда майда ремонт иштери жүргүзүлүп, клубдарды капиталдык ремонттон ɵткɵрүү жана кайра куруу иштери боюнча эч кандай чаралар кɵрүлбɵй Кара-Тоо, Арсы айылдык клубдары бүгүнкү күндɵ жараксыз абалда тургандыгы белгиленсин.
3. Клуб китепканаларга алынган инвентарлар жана бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын курамы бекитилсин.
4. Айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы айылдык клубдарын калыбына келтирүү боюнча проектилер менен иш алып баруу, капиталдык ремонттон ɵткɵрүү жана алынган музыкалык аппаратураларды пайдаланып, айылдарда даталуу күндɵрдɵ маданий массалык иш чараларды уюштуруу клуб башчыларына милдеттендирилсин.
5. Китепканаларда окурмандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, китеп фондусун жаӊы заманбап китептер менен толуктоо, окуучулар менен тыгыз байланышта иш алып барууну уюштуруу жагы китепкана башчыларына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысына тапшырылсын.
Тɵрага | М.Букамбаев |
|
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXХII сессиясынын 10.10.2016-ж №32/2 токтомуна тиркеме
|
Клуб китепканаларга алынган инвентарлар жана бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын курамы:
Комиссиянын торагасы Б.Акишов
Мүчөлөру:
А. Касымова - ФЭБ башчысы
Ж. Карагозиев - а/кенештин депутаты
Ж. Алыбаев - а/кенештин депутаты
К. Карабаев- Чекилдек айыл башчысы
К.Ирсалиев - Арсы айыл башчысы
Б. Намазбек уулу- Семиз-Бел айыл башчысы