Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/ 3
Кара-Тоо айылындагы Ленин көчөсүнүн атын өзгөртүп Темирова Асипанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Социалистик эмгектин баатыры,эки жолку Ленин орденинин ээси мындан тышкары бир нече орден, медалдар менен сыйланган жана чарбада иштеп эмгеги сиңген,1909-жылы туулган Темирова Асипанын ысымын Ленин көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө Кара-Тоо айылынын Ленин көчөсүнүн тургундарынын 15-июль 2016-жылдыгы өткөрүлгөн элдин чогулушунун протоколу жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнун башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын Ленин көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана Ленин көчөсү «Темирова Асипа» атындагы көчөсү деп аталсын.
2. «Темирова Асипа» көчөсүнүн көчө комитетинин курамы бекитилсин жана көчөнүн атын жазып, катар номер коюу иштерин уюштуруу көчө комитетине милдеттендирилсин.
3. Көчөдөгү көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана көпүрө оӊдоо, көчөнүн башынан аягына чейин решеткаларды койдуруп сырдатуу, тазалык иштерин уюштурууну колго алуу Темирова Асипанын небереси Төлөмүшов Акылбекке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев |