Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/4
Кара-Тоо айылындагы Шанхай көчөсүнүн атын өзгөртүп Ибраев Бекказынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кочкор совхозунун түптөлүшүнө чоӊ салым кошкон жана чарбада иштеп эмгеги сиңген, 1916-жылы туулган Ибраев Бекказынын ысымын Шанхай көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө Кара-Тоо айылынын Шанхай көчөсүнүн тургундарынын 12-октябрь 2016-жылдыгы өткөрүлгөн элдин чогулушунун протоколу жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнун башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын Шанхай көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана Шанхай көчөсү «Ибраев Бекказы» атындагы көчөсү деп аталсын.
2. «Ибраев Бекказы» көчөсүнүн көчө комитетинин курамы бекитилсин жана көчөнүн атын жазып, катар номер коюу иштерин уюштуруу көчө комитетине милдеттендирилсин.
3. Көчөдөгү көрктөндүрүү жашылдандыруу, тазалык иштерин жүргүзүү жана көчөнүн жолуна кум, шагыл төгүп түздөө иштерин уюштурууну колго алуу Ибраев Бекказынын уулу Ибраев Романга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев |