Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры №32/5
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын алдыӊкы фермери, айылдык Кеӊештин эки жолку депутаты Чаарчокиев Арстанбекке жана Семиз-Бел айыл өкмөтүндө салык инспектору,айыл өкмөтүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн Букамбаев Медетбек Мамыткановичке Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылынын тургуну Чаарчокиев Арстанбек, Кара-Тоо айылынын тургуну Букамбаев Медетбектердин талапкерлиги Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кенешинен суралсын.
Төрага | М.М.Букамбаев |