Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 16/1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттери тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттери
тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттери тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөт башчысы Т.Кадырбековго:
-айыл өкмөттүн аймагы боюнча түзүлгөн 2016-жылга стратегиялык жана социалдык жактан өнүтүүрү пландарын ишке ашыруу;
-жамааттык топтор,өз ара жардамдашуу топтору;
-аймактык,коомдук өз алдынча башкаруу органдары мене ниш алып баруу;
-жайыттарды, эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;
-социалдык обьектилердин өз деңгээлинде бүтүшүнө көңүл бөлүү;
-калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу жана 2015-жылы аткарылбай калган кемчилдиктерди толуктоо менен жогорку айтылган тапшырмалар берилсин.
3. Бул иштин аткарылышы Капчыгай айыл өкмөт башчысы Т.Кадырбековго жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Азимбаев |