Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Капчыгай айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясынын ( V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 23-марты № 16/5
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
(Капчыгай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 3.4 токтомунун редакциясында)
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин бекитүүдө Капчыгай айылдык Кеңеши жергиликтүү бюджеттин жана трасферттин жалпы суммасын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 4407,8 миң сомго,жергиликтүү кирешеден 952,3 миӊ сом:
1.1 аппарат кызматкерлерине 2656000
1.2 китепканаларга 659500
1.3 маданият үйлөрүнө 901800
1.4 билим берүүгө 955900
1.5 баштооч мектепке 83500
1.6 балдар бакчага 53400
1.7 экономикалык маселелер 130000
1.8 социалдык маселелерге 80000
Жалпы 5360.1 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Эмгек акынын бир айлык өлчөмү бекитилген штаттык расписаниенин негизинде аппарат кызматкерлерине 130.0 мин сом,миаданият үйүнө 53,5 миӊ сом,китепканага 42,0 миӊ сом өлчөмү бекитилсин.
3. (Капчыгай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 3.4 токтомуна ылайык жокко чыгарылган)
4. Коммуналдык тейлөө боюнча бекитилген сметанын суммасынын ичинен 348,0 миӊ сом электр энергиясын жагууда үнөмдөлүп колдонуу жагы тиешелүү мекеме-уюмдун жетекчилерине эскертүү менен бекитилсин.
5. Кышкы жылытуу боюнча тиешелүү мекемелерге 150.0 миӊ сом акча каражаты көмүр үчүн бөлүнүп берилсин.
6. «Мөлтүр»балдар бакчасынын атайын каражаттарынын эсебинен түшүүчү акча каржаты 60.0 миӊ сом өлчөмүндө чыгыш-кириши бекитилсин.
7. 2016-жылга бекитилген бюджетке жыл ичинде өзгөртүү киргизүү жагын белгилөө менен бул токтомдун аткарылышы Капчыгай айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
|
|
Төрагасы | А. Азимбаев |