Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-март № 16/8
Капчыгай айыл аймагындагы айылдарда таштанды төгүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевдин жана айыл башчылары Д.Азимбаев,А.Жаманкулов жана У.Жапаровдун 2015-жылы аткарган иштеринин отчетун жана Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга таштанды төгүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктуна,20-беренесинин 13-пунктуна негиз Капчыгай айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Караташ айылынын батыш тарабындагы Талаа участогунан 0,10 га ,Сары-Бээ айылынын Өрдөш участогунун түндүк тарабынан 0,05 га,Талаа участогунун түндүк тарабынан 0.05 га,Терек-Суу айылынын чыгыш тарабынан Булак участкасынын 0,02га,Ничке-Суу айылынын чыгыш тарабынан Ой-Талаа участкасынан 0,02 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун,жердин категориясына,экологиялык,санитардык талапка жооп берээрлигин тактап,мамлекеттик каттоого алуу жагы Кара-Кулжа райондук жер кадастры жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Таштандыларды төгүүчү жайдын тосмо курулуш иштерине архитектуралык пландоо документацияларын даярдап берүү жагы Кара-Кулжа райондук шаар жана айыл курулуш архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн айылдык кенешинин агрардык,азык түлүк айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу жер жана жер ресурстары,экология жана жаратылышты коргоо,курулуш,транспорт,өнөр жай,соода,ишмердүүлүк байланышы,кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Сатыбалдыевага) тапшырылсын.
Төрагасы | А.Азимбаев |