Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 16/13
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарынын 18.06.2016-жылдагы жалпы чогулушунун Кара-Таш айылынын Туюк-Таш чегиндеги сел агындыларына толуп калган Туюк-Таш суусунун нугун тазалоо» боюнча токтомун бекитип берүү жөнүндө
Капчыгай айылдык Кенеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарынын 18.06.2016-жылдагы жалпы чогулушунун «Караташ айылынын Туюк-Таш чегиндеги сел агындыларына толуп калган Туюк-Таш суусунун нугун тазалоо»боюнча токтому бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн өзүнүн каражаты жетишсиздигине байланыштуу Кара-Таш айылынын Туюк-Таш чегиндеги сел агындыларына толуп калганТуюк-Таш суусунун нугун тазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен күйүүчү май суроо жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык –түлүк,жер жана жер ресурстары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрагасы | А.Азимбаев |