Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-августу № 16/16
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 22.07.2016-жыл № 01-37.63 телефонограмманын негизинде жана статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимде белгиленген аткаруу органынын укуктарын жана милдеттерин угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Келишимде белгиленген милдеттерди аткаруу айыл өкмөтүнүн статист-экономист адиси А.Жаманкуловго тапшырылсын.
Төрагасы | А.Азимбаев |