Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу № 6 /17
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени К.Р.Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»мыйзамдарынын негизинде Капчыгай айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны ,никелешүү жөнүндөгү актыны,өлгөндүгү жөнүндөгү актыны,аталыкты аныктоо жөнүндө актыны каттоо жана чогултуу боюнча документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КРӨнүн мамлекетти каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук укук тартиби депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Сатыбалдыевага) тапшырылсын.
Төрагасы | А.Азимбаев |