Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 16/18
«Орус федерациясынын өкмөтүнүн Трасттык Фонду менен Кыргыз Республикасыны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын биргелешкен «Ош облусунун аймагынын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна катышуу үчүн Сары-Бээ айылын бекитип берүү жөнүндө
18-август 2016-жылы Капчыгай айыл аймагында жергиликтүү бийлик жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында долбоорго катышуу максатында Капчыгай айыл аймагынын айылдары критерийлердин негизинде төмөнкүдөй баллдарга ээ болушту:
1. Кара-Таш айылы 26 балл
2. Терек-Суу айылы 28 балл
3. Ничке-Суу айылы 28 балл
4. Сары-Бээ айылы 29 балл
Ошонун негизинде Орус федерациясынын Өкмөтүнүн Трасттык Фонду менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын биргелешкен «Ош облусунун аймагынын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна катышуу максатында критерийдин негизинде тандалып алынган максаттуу Сары-Бээ айылын бекитип берүү боюнча Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Пилоттук Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылы «Ош облусунун ай магын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна катышуу үчүн максаттуу айыл катары бекитилсин.
2. Сары - Бээ айылына өз алдынча «Жергиликтүү өнүгүү комитети» (демилгелүү топ) түзүлсүн.
3. Долбоордун алкагында Сары-Бээ айылын өнүктүрүүгө карата иш чараларды жүргүзүү Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кадырбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу ,жер жана жер ресурстары , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрагасы | А.Азимбаев |