Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 34
Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгили даярдыгы жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылга бекитилген иш планына ылайык жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №11-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө жылуулук-энергетикалык комплекс мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча:
- шаар калкын арзан жана сапаттуу көмүр отун менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү;
- жылуулук берилбеген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук системасына кошуу иштерине көмөктөшүү;
- шаардагы электр чубалгыларын аварияга алып келүүчү бак-дарактарды кыюу жана жер астындагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын үстүнө эгилген бак-дарактарды жылдыруу;
- жеке менчикке өтүп кеткен шаардагы айрым подстанция жана трансформаторлор жайгашкан жерлерди мыйзамда каралган тартипте муниципалдык менчикке кайтаруу иштерин жүргүзүү;
- шаардын жаңы конуштарын электрлештирүү иштерине көмөктөшүү;
-калк арасында отун-көмүр камдоо жана көп кабаттуу үйлөрдүн ички жылытуу системаларын оңдоп-түзөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;
- жылуулук энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка болгон даярдыгын талап кылуу жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;
- Ош шаарындагы №52 - «Кыргыз Түрк достугу» атындагы орто мектебинин алтернативдүү энергияны пайдалануу жана үнөмдөө боюнча долбоорун башка билим берүү мекемелеринде жайылтуу;
- жарандарга электрэнергиядан, таза суудан, канализациядан жана жулуулуктан пайдалануу боюнча техникалык шарттарды алууга жеңилдиктерди түзүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдында тийиштүү мекеме-ишканаларынын бирдиктүү терезесин ачуу;
- «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Оштогу филиалы менен шаарды газ менен камсыз кылууда биргеликте тыгыз иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев) Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиевдин ишмердиги боюнча тергөө ишине байланыштуу, жетекчини кызмат ордунан убактылуу четтетүү маселесин мыйзамда каралган тартипте кароо жагы сунушталсын.
4. Жылуулук энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана кемчиликтерди эске алуу менен:
- күз-кыш мезгилин өткөрүүдө ооруканаларды, төрөт үйлөрүн, мектептерди жана бала бакчаларды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу;
- шаар тургундарына жана мекеме-ишканаларга берилүүчү жылуулуктун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча күз-кыш мезгилин өткөрүүгө багытталган иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылуусун камсыздоо;
- капиталдык жана катардагы оңдоп-түзөө, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштерин аягына чыгаруу;
- кызматкерлерден калкты тейлөөдө сылык жана ийкемдүү мамиле жасоосун талап кылуу милдеттендирилсин.
5. «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Оштогу филиалына (Р.Тагаев) газ эсептегичтерди алмаштырууда акт менен салынган айып пулдар боюнча абоненттердин нааразычылыктарын эске алып, мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүү сунушталсын.
6. Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү мезгилинде жылуулук энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан берилген жылуулуктун сапатын жана тейлөөнүн абалын тийиштүү адистердин катышуусунда жерине чыгып текшерип туруу сунушталсын.
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |