Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры, №35
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылга кабыл алган ишпланына ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Чоюновдун жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Н.Орозматовдун Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 19-октябрындагы №9-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э. Чоюновдун жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Н.Орозматовдун Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) 2016-жылдын бюджетинин пландык көрсөткүчтөрүн так, өз мөөнөтүндө аткаруулусун камсыздоо үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыктары жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте иш-план иштеп чыгып, аткаруусу милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Э.Чоюнов) 2016-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын бюджеттинин киреше бөлүгүн түзүүчү салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнүн план-тапшырмасын толук көлөмдө аткаруулусун камсыздоо;
-жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармалуучу штаттык бирдиктерди толук көлөмдө мобилизациялап, жер, мүлк салыгын төлөөчүлөрдүн санын аныктоо жана толук көлөмдө жыйноо үчүн аймактык кеңештер менен биргеликте рейддерди уюштуруу;
-жылдан жылга өтүп, өз мөөнөтүндө төлөнбөй келе жаткан карыздарды өндүрүү боюнча чечкиндүү иш-аракеттерди жүргүзүү;
-каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөр жана чарбалык субьекттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу;
-ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизиндеги салык түрүн төлөөчү ишкерлердин санын тактап, жергиликтүү бюджеттин ички мүмкүнчүлүгүн арттыруу;
-салык жана салык эмес жыйымдардын бардык түрлөрүнүн ички резервин аныктап, бул боюнча салык кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчиликтерин күчөтүү, ошондой эле аталган токтомдун аткарылуусу боюнча 2016-жылдын жыйынтыгынын негизинде Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө маалымат берүүсү милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын Ош шаары боюнча ыйгарым укуктарын Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына өткөрүп берүү маселеси Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына сунушталсын.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |