Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 31 октябры № 36
Ош шаарында жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесинин жетекчиси М.Маматалиевдин аталган мекеменин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-октябрындагы №9-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесинин жетекчиси М.Маматалиевдин аталган мекеменин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарынажарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |