Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 37
Ош шаарындагы медицина мекемелеринде калктын саламаттыгын камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаарындагы медицина мекемелеринде калктын саламаттыгын камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаарындагы медицина тармагынын координатору А.Шамшиевдин, шаардык клиникалык оорукананын директору Р.Маметовдун жана Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, шаардагы медицина мекемелеринин калктын саламаттыгын камсыздоо багытындагы ишмердигин жакшыртуу максатында Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы медицина мекемелеринде калктын саламаттыгын камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаарындагы медицина тармагынын координатору А.Шамшиевдин, шаардык клиникалык оорукананын директору Р.Маметовдун жана Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев):
- шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору жайгашкан имаратты муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- №1-үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлерин бөлүп жайгаштыруу үчүн кошумча имарат табуу;
- шаардык клиникалык оорукананын жана инфекциялык оорукананын жанынан , ирригациялык арыктарды өткөрүү;
- №1-үй-бүлөлүк медицина борборунун ажатканасын канализация тармагына туташтыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү;
- №1-үй-бүлөлүк медицина борборунун №5-(эски автовокзал) жана №9-(СМУТТ) филиалдарынын имараттарын, ошондой эле балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун сатылып кеткен имаратын муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;
- муниципалдык менчиктеги медицина мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдө сөзсүз түрдө мекеме жетекчисинин макулдугу менен берүүнү камсыздоо;
- Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин түзүүдө шаардык клиникалык оорукананын ички жолдорун асфальттону титулдук тизмеге киргизүү жана медицина мекемелеринин биринчи кезектеги муктаждыктарын эске алуу;
- бангизаттарды көзөмөлдөө агенттигине ижарага берилген шаардык төрөт стационарынын имаратын төрөт үйүнүн карамагына кайтарып берүү;
- тез жардам автоунааларына кыйынчылык жараткан шаардын бардык аймагындагы көчөлөрдө көчөлөрдүн аттарын, номерлерин жана үйлөрдүн номерлерин көрүнөө жерлерге илүүнү камсыздоо;
- шаардык залалсыздандыруу бекетинин кампаларынын чатырын оңдоо маселесин 2017-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө эске алуу милдеттендирилсин.
3. №1-үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, саламаттыкты сактоо боюнча Ош шаарынын координаторуна (А.Шамшиев):
- №1-үй-бүлөлүк медицина борборунун жана анын филиалдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу, аларды оңдоп-түзөө, жаңы медициналык техника, жабдуулар жана аппаратура менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана Ош шаардык мэриясы менен тыгыз иш алып баруу;
- зарыл деп эсептелген муктаждыктар боюнча чыгымдардын сметасын түзүп, 2017-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине жана Ош шаардык мэриясына тапшыруу;
- коммуналдык төлөмдөр үчүн шаардын бюджетинен кошумча акы карала турган медайымдардын, кичи медперсоналдын жана башка кызматкерлердин тизмесин тактап, шаардык мэрияга 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбооруна киргизүү үчүн тапшыруу;
- шаардык төрөт үйүндө, инфекциялык ооруканада, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда шаардыктардан тышкары башка райондордон келген жарандарга медициналык кызмат көрсөтүлүп жаткандыгын негиздеп, бул мекемелерге республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча тиешелүү жактарга кайрылуу тапшырылсын.
4. Ош шаардык клиникалык оорукананын директоруна (Р.Маметов):
- арык суусунун нугун табуу, сугат иштери үчүн сууну клиникалык ооруканага жана инфекциялык ооруканага алып келүү боюнча чараларды көрүү;
- клиникалык оорукананын жана инфекциялык оорукананын короолорун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, куураган дарактарды мыйзам чегинде кыюу;
- клиникалык оорукананын эски имараттарынын ордуна заманбап дартты аныктоо жана дарылоо медицина комплексин куруу боюнча сунуштарды жана чыгымдардын сметасын даярдап, мэриянын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
5. Шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунуна медицина мекемелеринде, айрыкча стоматологиялык поликлиникаларда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын, ошондой эле медициналык мекемелерге жанаша жайгашкан коомдук тамактануу жайларында жана соода түйүндөрүндө санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын мыйзам чегинде текшерип, эрежелерди бузууга жол бербөө боюнча кескин чараларды көрүү милдеттендирилсин.
6. Токтом мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов
|