Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 39
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 325-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 5-августундагы № 306/08-6 «Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 325 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 11-сентябрындагы № 36 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» №325-токтомунун 1-пунктунун 14-пунктчасындагы «336-б» деген сөз «366-б» деп өзгөртүлүп төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
- Я.Д.Саиповго караштуу Курманжан-Датка көчөсүнүн №366-б дарегинде жайгашкан 336,0 чарчы метр жер тилкесин «турак-жай» багытынан «калкты тейлөө» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3 .Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |