Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 40
Ош шаарынын Ленинградкөчөсүндөгү Ак-Буурадарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруугамакулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-октябрындагы №33-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын Ленинград көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |