Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2016-жылдын 31-октябры № 41
«Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашевдин «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунушун карап жана талкуулап, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 7-октябрындагы №27-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Жобонун II бөлүмүнүн 10-пунктундагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы бештен ашпаган талапкерге Ош шаардык Кеңешинин сессиясында, шаар күнүнө карата ыйгарылат» деген сүйлөм «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы бир жылда бир жолу, көпчүлүк добушка ээ болгон бештен ашпаган талапкерге ыйгарылат» деп өзгөртүлсүн;
-Жобонун V бөлүмүнүн 2-пунктундагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган атуулга «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгиси жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» күбөлүгү Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын, вице-мэрлердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу кырдаалда Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жана Ош шаарынын мэри тарабынан тапшырылат» деген сүйлөм «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган атуулга «Ош шаарынын
Ардактуу атуулу» төш белгиси жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» күбөлүгү Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын, вице-мэрлердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жана Ош шаарынын мэри тарабынан Ош шаарынын күнүнө же башка маанилүү даталарга карата уюштурулган салтанаттарда тапшырылат» деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |