Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 42
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №136/08-5 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы №37-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагында жайгашкан төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен өзгөртүүгө макулдук берилсин:
- Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында жайгашкан 3700,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш» багытынан «жеке турак жай» багытына;
- Ош шаарынын Т.Кулатов кичи районундагы №24-1 дарегинде жайгашкан М.Т.Усеновго таандык 82,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «калкты тейлөө» багытынан «жеке турак жай» багытына.
- Ош шаарынын Б.Нурматов көчөсүндөгү №22 дарегинде жайгашкан М.Дыйканбаевага таандык 10869,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш» багытынан «калкты тейлөө» багытына;
- Ош шаарынын Пахта көчөсүндөгү №134 дарегинде жайгашкан И.А.Баймуратовага таандык 281,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «жеке турак-жай» багытынан «коммерциялык» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |