Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 43
Ош шаарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-октябрындагы №417/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы №38-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды берүү жөнүндө маселе кошумча изилденип, шаардык Кеңештин кийинки сессиясынын кароосуна киргизилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |