Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016- жылдын 31-октябры № 44
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелерин «айыл чарба» категориясынан «социалдык» багытына трансформациялоо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-июнундагы Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылында жайгашкан 0,50 га, Жапалак айылында жайгашкан 1,0 га, Кеңеш айылында жайгашкан 0,50 га жер тилкелерин трансформациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү №351/08-6 катын, Ош шаарынын тургуну Н.Нарматованын Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караштуу №102 контурунда жайгашкан, Монокбаева Алтынайга таандык болгон аянты 0,19 га жер тилкесин трансформациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү №01-9/107 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы №37, 25-февралындагы №4-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылында жайгашкан 0,50 га, Жапалак айылында жайгашкан 1,0 га, Кеңеш айылында жайгашкан 0,50 га жер тилкелерин «айыл чарба» категориясынан «социалдык» категорияга трансформациялоо жөнүндөгү маселе кошумча изилденип, шаардык Кеңештин кийинки сессиясынын кароосуна киргизилсин.
2. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын №102-контурунда жайгашкан 0,19 га жер тилкесин «айыл чарба» категориясынан «социалдык» категорияга трансформациялоо жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык артка кайтарылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |