Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 46
Калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 29-сентябрындагы №1000/08-4 катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы №24-«Ош шаарындагы калк тарабынан чыгарылган саркынды суулардын баасын макулдашуу жөнүндө» буйругун карап чыгып, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д. Кокочоровдун калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 18-октябрындагы №12-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү жөнүндөгү маселе кошумча изилдеп чыгуу үчүн Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов
|