Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-февралы № 31/1
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбековдун 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2015-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иши канааттандырарлык деп табылсын.
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына төмөндөгү иштерди иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
Жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү;
Дыйкан-фермерлерди күйүүчү май менен камсыз кылуу;
Көчүү-конүү маселелерин тартиптештирүү;
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын
Төрагасы | Т. Рысбаев |