Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-февралы № 31/2
Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинде 2015-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө
Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинде 2015-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ташматовдун 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ташматовго төмөндөгү иштерди иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
2015-жылдан чогултула турган жайыт акынын калдык суммасын чогултуу жана өз максатында пайдалануу;
Өз убагында малдарга жазгы-күзгү эмдөө иштерин жүргузүүнү уюштуруу;
Жайыт планына ылайык иш алып баруу;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын
Төрага | Т. Рысбаев |