Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-февралы № 31/3
Баетов айыл аймагындагы “Талаа-Булак” СПАсында 2015-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы “Талаа-Булак” СПАсында 2015-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында “Талаа-Булак” СПАсында 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Баетов айыл аймагынын “Талаа-Булак” СПАсында төмөндөгү иштерди иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
-Жазгы-айдап-себүүгө карата дыйкандардын сугат суусу менен өз мөөнөтүндө камсыз кылуу;
-Түнкү сугат уюштуруу;
-Сугат сугарууда сугат акысынын өз убагында чогултулушу;
-Чогултулган акча каражатын өз максатында пайдалануу;
-Ички чарбалык каналдарга дыйкандар менен бирдикте ремонт иштерин жүргүзүү;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын
Төрага |
Т. Рысбаев |