Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 4 апрели № 17/4
Кара–Кочкор жандандыруу жана калыбына келтире дарылоо борборунун Кара–Кочкор айылдык кеңешине кайрылуу каты жөнүндө
Кара–Кочкор жандандыруу жана калыбына келтире дарылоо борборунун кайрылуу катын талкуулап, депутаттардын сунуш - пикирлерин угуп жандандыруу борборунун муниципалдык жактан тейлөөсүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеп Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кочкор жандандыруу жана калыбына келтире дарылоо борборунун жарандарды тейлөөдөгү жана дарылоо процессиндеги өзгөчөлүктөрүн эске алып ар бир дарылануучуга тамак – аш азыктарына мал этинен 150 ( бир жүз элүү) граммдан эт берүугө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У. Амиракулов ) тапшырылсын .
Кара–Кочкор айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Асанов |