Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 20 майы №18/1
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин .
2. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарындагы үйлөрдү актатууну, короо жайларды иретке келтирүүнү уюштурушсун .
-айыл ичиндеги ички арыктарды казуу үчүн элди уюштуруу менен жол боюндагы аялдамаларды арыктарды калыбына келтиришсин .
-тез аранын ичинде жол боюндагы көрнөктөрдү мезгил талабына ылайык оңдоп түзөшсүн .
-айыл жериндеги жолдорду , көпүрөлөрдү оңдоо, эски суу түтүктөрүн оңдоону колго алышсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык, азык - түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык
Кеӊешинин төрагасы | К.Асанов
|