Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 20 майы № 18/3
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жер салыгынын базалык наркын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014- жылдын 31-декабрындагы № 182 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 337-беренесинин 6-пунктуна киргизилген сунушка ылайык айыл чарбасына багытталган жер аянттарынын жер салыгын көбөйтүү жөнүндөгү мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа райондук башкармалыгыньш 14-апрель 2015-жылдагы №127 катына ылайык салыктардын базалык наркын көбөйтүү боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жер салыгынын чөп орундусунун базалык наркы 100 пайызга көбөйтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бак, сугат жер, кайрак жерлердин баалары мурдагыдай болуп калтырылсын, ал эми чөп орунду 55 сом 40 тыйынга көбөйгөндүгү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У. Амиракулов) тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Асанов |