Загрузка документа…
Бишкек шаары
1999-жылдын 27-ноябры № 131
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64
2009-жылдын 20-февралындагы № 57, 2009-жылдын 20-июлундагы № 241, 2013-жылдын 19-августундагы № 195, Мыйзамдарынын
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин редакцияларына ылайык
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6,
226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 92-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "лицензияда белгиленген
операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил-
ген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекеме-
лерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча" деген
сөздөр менен толукталсын.
2. 96-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "юридикалык жактар-
дын уставдык максаттары" деген сөздөрдөн кийин "лицензияда белгиленген
операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил-
ген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана
мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда" деген сөздөр ме-
нен толукталсын.
3. 148-статьянын 1-пунктунда:
төмөндөгү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында банктар, финансы-кредит уюм-
дары же мекемелери, акционердик коом болуп саналган камсыздандыруу жана
инвестициялык уюмдар үчүн коомдун аткаруучу органдарын шайлоонун ушул
статьяда көрсөтүлгөндөн башкача тартиби каралышы мүмкүн.";
сегизинчи абзац тогузунчу абзац деп эсептелсин.
4. 204-статьянын 2-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен
толукталсын:
"банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп
ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банк-
тын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан
күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.".
5. 307-статьянын 2-пунктундагы "же шарттуу акча бирдиктеринде",
"же шарттуу акча бирдигинде" деген сөздөр алынып салынсын.
6. 309-статьянын "кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки
чыгымдары, андан соњ - проценттер жана айып төлөмдөр, ал эми калган
бөлүгүндөгү - карыздын негизги суммасы" деген сөздөр "карыздын негизги
суммасы, андан кийин - кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки
тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө - проценттер жана айып
төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 749-статьянын 3-пункту алынып салынсын.
8. 752-статьянын 3-пунктундагы "салымдын суммасы аманат салуучу
кайрылгандан тартып 48 сааттын ичинде берилет" деген сөздөр алынып са-
лынсын.
9. 770-статьянын 2-пунктундагы "мыйзам тарабынан белгиленген же"
деген сөздөр алынып салынсын.
10. 773-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операци-
ялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын орто-
сунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ише-
нип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гаран-
тиялайт.
Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан,
банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да ти-
ешелүү.".
2-статья.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
3-статья.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-статьянын 3-пунктундагы "талашсыз" деген сөз "мажбурлоо
(соттун чечими боюнча)" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 25-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "банктар" деген сөз алынып са-
лынсын.
3. 26-статьянын 3-пунктундагы "ишканалардан биринчи кезекте жана
талашсыз тартипте, жеке адамдардан-администрациялык тартипте" деген
сөздөр "камсыздандыруучу тарабынан сот тартибинде" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
4. 27-статья алынып салынсын.
4-статья.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-статья. (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)
6-статья.
"Чарба жүргүзүүчү шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо-
мосттору, 1996-ж., № 60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
1. 2-статьянын 3-пунктундагы "мүлктүн укуктук режими" деген сөздөр
"ошондой эле башкаруу органдарынын иш өзгөчөлүгү" деген сөздөр менен
толукталсын.
2. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
3. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
4. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
5. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
6. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)
7-статья.
(КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык
кучун жоготту)
8-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
ушул Мыйзамдын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган ченемдик укуктук
актыларды кабыл алсын.
9-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
1999-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган