Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 36/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыкка карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Оморовго милдеттендирилсин.
3. 2016-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |