Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-майы №23
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Тайлановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын жаштарына турак жай куруу үчүн трансформация кылууга 120 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Тайлановго тапшырылсын.
Төрага | И. Тилеков |