Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 36-заседаниясы
2016-жылдын 19-августу № 36/2
Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2016-2017-күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 1-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлсүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилери белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда жеке жоопкерчиликте экени белгиленсин.
2. Алай РЭТИнын кызматкерлерине бак-дарактарды тазалоого жакындан жардам көрсөтүү жагы жана социалдык обьектилерди жетиштүү көмүр менен камсыздоо жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго жана билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |