Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры №11-2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 70911-бөлүмүнүн 31112390 “курулуштар жана курулмалар” беренесинен 179,0 миң сомду 70911-бөлүмүнүн 22154900 “түрдүү чыгымдар” беренесине жылдыруу жүргүзүлсүн.
2. ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 70911-бөлүмүнүн 31112390 “курулуштар жана курулмалар” беренесинен 179,0 миң сомду 70911-бөлүмүнүн 22154900 “түрдүү чыгымдар” беренесине жылдырууну жүргүзүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |