Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну №9-1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2015- жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.
2. Аныкталган кемчилдиктерди калыбына келтирүү боюнча аткарылгын иш чараларды эске алуу менен кетирилген кемчилдиктерге жол берген тиешелүү адистерине мындан ары аталган кемчилдиктерди болтурбоонун алдын алуу жана жол бербөөлөрү боюнча, кечиктирилгис иш чараларын көрүү жагы Төөлөс айыл Өкмөтүнүн аппараттык жыйынына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ,айылдык Кеңештин, экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Абдырахманов |