ТоктомКүчүндө

Төөлөс айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы №9-3 «Төөлөс айыл аймагына караштуу болгон жер аянттарында геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга маакулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция21.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

2017-жылдын 21-июну №9-3

Төөлөс айыл аймагына караштуу болгон жер аянттарында геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга маакулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл аймагына караштуу болгон жер аянттарында геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга маакулдук сураган ишканалардын жетекчилери же ишенимдүү кишилеринин кезектеги сессияга катышуусу суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Абдырахманов