Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры №40
Кыргыз Республикасынын “Жергиликттүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана жалпы депутаттардын добушуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтү менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосундагы КБФнын жерлерин алмаштыруу жагын чечүү жана мыйзамдуу жагын кароо Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Салам-Алик жайыт комитетине мал-жандыктары үчүн мончо (кубка) куруу үчүн ылайыктуу жер аянтын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Депутат С.Бакыбаевдин сунушуна ылайык Кызыл-Чарба айылындагы ФАПты башка жерге которуу жана тиешелүү документтерин мыйзамдуу даярдоо (АПЗ ) Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Депутат А.Таштемировдун сунушуна ылайык мектеп окуучулары үчүн келген бир күндүк тамак-ашынын сапаттуулугун анализдөө тиешелүү туруктуу комиссия аркылуу текшерилсин.
5. Т.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин карамагында турган 5 (беш) түп терек мектептин пайдалануусу үчүн тиешелүү мыйзам талабынын негизинде кесүүгө уруксат берилсин.
6. Салам-Алик “Жайыт” комитетинин бюджети толугу менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетине өткөрүлүп берилсин жана комиссия түзүлүп, типтүү келишими бекитилсин жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актысы түзүлсүн.
7. Кош-Этер айылынын тургуну Маметов Талантка үй-бүлөлүк, жашоо шартын начардыгын эске алып, паспорт алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6000-00 (алты миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Токтомду көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Таштемировко жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д. |