Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры №41
Кыргыз Республикасынын “Жергиликттүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана жалпы депутаттардын добушуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Этер айылынын тургуну Бакышов Токтогулдун сел, көчкү коркунучунда жайгашкан деген Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 326-сандуу актысы жана Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 244-сандуу билдирүү каты кайра каралып, МЧС тарабынан айланасындагы кошуна жашоочуларын кошуп, кайрадан мониторинг жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Таштемировко жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д. |