Редакцияот 26.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)

 

2017-жылдын 26-сентябры №43

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Султанова Шаркандын арызы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышын кезектеги жетинчи сессиясы жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атуул Полотбек уулу Артур апасы Садырова Гүльбарчын Маматовна чет өлкөдө убактылуу иштеп жаткандыгына байланыштуу Ара-Көл айылынын тургуну, таэнеси Султанова Шаркан Маматалиевнага убактылуу тарбиялоого жана камкордукка алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Рысбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

Шайбеков И.Д.