Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры №44
Ара-Көл айылынын тургуну, баатыр эне Токоева Жумагүлгө Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл айылынын 2017-жылдын 10-сентябрындагы элдик жыйынын токтомунун жана тиешелүү жоболорго ылайык, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагынын билим берүү мекемелеринде көп жыл эмгектенип, жаш муундарга татыктуу тарбия берип, талыкпаган эмгеги, эл арасында кадыр-баркы, мугалимдик кесиби менен эмгеги сиңген, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондогу эмгегин эске алуу менен Ара-Көл айылынын тургуну, кесипкөй мугалим, баатыр эне Токоева Жумагүл Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |